Экс-президенттерге берилген артыкчылыктарды кыскартуу сунушталууда

Мамлекеттик резиденциядагы имараттардын бири. Сүрөт ud.gov.kg сайтынан алынды.

Кыргызстандын президенти жана экс-президенттердин макамына байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Коомдук талкууга чыккан мыйзам долбоорунда экс-президенттерге берилген бир катар жеңилдиктерди алып салуу каралган. Муну менен экс-президенттерди мамлекеттин эсебинен багууну токтотуу, жансакчы алып жүрүү жана башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз эсебинен төлөтүү сунушу бар.

Мындан сырткары жаңы президент шайланып келгенден кийин бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденциядан чыгып кетиши керек. Мыйзам долбоору колдоо таап, кабыл алынса мамлекет башчы катары ыйгарым укуктарын токтоткон күндөн тартып өзүнө жана үй-бүлөсүндөгү жашы жете элек балдарын акысыз медициналык тейлөө укугуна, мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдаланууга берүүгө байланыштуу беренелер күчүн жоготот.

Мыйзам долбоору мамлекеттин мүлкүн жана бюджет каражатын рационалдуу пайдаланууга багытталган. Мыйзам долбоордун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев.

Эл өкүлү экономикалык жактан кубаттуу Түркия, Түштүк Кореянын кызматтан кеткен мамлекет башчыларына Кыргызстандын экс-президенттериндей артыкчылыктар берилбей турганын белгилеген.

Учурда Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына ээ.

Мурдараак айрым активисттер алардын "экс-президент" макамын алууга байланыштуу кол топтой баштаган. Алар "өлкө кыйналып, жумушсуздук жана миграция күчөп турган маалда мурдагы мамлекет башчылар чоң суммада пенсия алып, сакчылардын кароосунда жүргөнү туура эмес" деген жүйө келтиришкен.

2020-жылдын октябрь айындагы окуялар учурунда жабыр тарткандар да экс-президент Сооронбай Жээнбековдун макамын алуу чакырыгы менен чыгышкан.

Жаңы президент Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолугуп жүргөн учурда ушул боюнча келген суроого жооп берип жатып, Жээнбековдо "экс-президент" макамы сакталып калышы керектигин айткан.

Роза Отунбаева Кыргызстандын үчүнчү президенти. Ал өлкөнү 2010-жылдан 2011-жылга чейин башкарган. Бешинчи президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башында 2017-жылдан 2020-жылга чейин турган. (КЕ)

Дагы караңыз

Лавров Ульяновскидеги кырсыкка байланыштуу кат жолдодуОрусиядагы кырсыкка жүк ташуучу автоунаанын айдоочусунун жүрөк оорусу себеп болгону айтылдыБашкы прокуратура "Кумтөрдү" текшере баштадыБишкекте "Украинадагы биздикилер" кинотасмасы көрсөтүлдүОрусиядан чыгып кеткендерди колдогону үчүн "Сплин" тобунун концерти болбой калышы мүмкүн