Башкы прокуратура "Кумтөрдү" текшере баштады

Башкы прокуратуранын имараты.

Башкы прокуратура Эсеп палатасынын текшерүүлөрүнүн негизинде "Кумтөр" ишканасын текшере баштады. Маалыматты башкы көзөмөл органдын басма сөз катчысы Сирожиддин Камалдинов "Азаттыкка" ырастады. Анын белгилешинче, текшерүү иштери 23-августтан тарта башталды. Кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси текшерүүнүн жыйынтыгына жараша болот.

Министрлер кабинети "Кумтөр" компаниясынын ишинде чоң өзгөрүүлөр болгонун 23-августта кабарлаган. Маалыматта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилгени айтылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсеп палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштаганын билдирген.

Дагы караңыз

Кумтөр: Бөлтүрүк кетти, активисттер кенемте сурады

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын президенти болуп компаниянын ички структураларында иштеп келген Алмаз Барыктабасов, башкармалыктын төрагалыгына Болотбек Идрисов дайындалды.

Ошол эле кезде Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калган. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкекте "Украинадагы биздикилер" кинотасмасы көрсөтүлдү"Кумтөрдөн" 261 млрд. сом кенемте өндүрүү боюнча кассациялык арыз берилди"Кумтөрдүн" жаңы жетекчиси болуп Алмаз Барыктабасов дайындалдыПольшанын президенти "Түндүк агым - 2" газ куурун алып салууну колдоду