Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:50

"Кумтөрдөн" 261 млрд. сом кенемте өндүрүү боюнча кассациялык арыз берилди


Кумтөрдөгү алтын кендери жаткан мөңгүлөр.
Кумтөрдөгү алтын кендери жаткан мөңгүлөр.

Кыргызстандык активисттер Кумтөр кенинен кенемте өндүрүүгө байланыштуу Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку сотко кассациялык арыз беришти. Бул тууралуу Кумтөрдөгү экология маселесин көтөрүп жүргөн активист Нарис Калчаев "Азаттыкка" кабарлады.

Буга чейин активисттер Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын үстүнөн сотко арыз жазган. Алар ишкананын Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө кен калдыктарын топтогонун мыйзамсыз деп таанып, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүп берүүнү суранышкан.

Бишкектин Октябрь райондук соту арызды канааттандырып, Кумтөр алтын кениндеги Давыдов, Лысый мөңгүлөрүндөгү калдык топтоочу жайды мыйзамсыз деп таап, “Кумтөр Голд” компаниясын 261 миллиард 719 миллион 674 миң сомду мамлекетке төлөп берүүнү милдеттендирген. Райондук сот бул чечимди 2021-жылдын 7-майында чыгарган.

Бишкек шаардык соту 2022-жылдын 24-майдагы чечими менен райондук соттук чечимин жокко чыгарган. Бир катар саясатчылар жана жарандык активисттер бул чечимди кескин сындап чыккан. Активиттер учурда бул чечимди жокко чыгарып, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырууну өтүнүп жатышат.

Жыл башында Министрлер кабинети “Кумтөр голд компанинин” 2021-жыл үчүн тараткан билдирүүсүндө өткөн жылы 14 миң 561 килограмм алтын казылганы, аны сатуудан түшкөн жалпы пайда 856 млн. доллар экени айтылган. Мунун ичинен сырткы башкаруу мезгилиндеги алынган киреше – 621 млн. доллар болгон. Бирок кийинчерээк өкмөттүн сайтындагы бул маалымат алынып салынган.

Өткөн айда канадалык “Центерра Голд” компаниясы Кыргызстандын өкмөтү жана “Кыргызалтын” ишканасы менен болгон мурда жарыяланган макулдашуу толук аяктаганын ырастап, өзү Кумтөр кенинен толук чыгып кеткенин жана Бишкектин “Центеррадагы” укугун токтотконун маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG