Бүгүн, 24-августта Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгон Баткен жана Жалал-Абад облусунун тургундарынын сөөгү жерге берилет. Маркумдардын сөөгү 23-августта атайын учак менен Орусиядан алып келинген.
Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта катталган ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган. Каза болгондордун бешөө Баткен, төртөө Жалал-Абад, бешөө Ош облусунун тургундары. Акыркы бешөөнүн сөөгү шейшемби күнү жерге берилип, ага өкмөт өкүлдөрү катышты. Маркумдардын сөөгү өздөрү туулуп-өскөн айылдарына коюлду. Буга чейин каза болгондордун бирөөнүн документи Жалал-Абадда катталгандыктан расмий маалыматтарда бул облустан беш киши каза тапканы кабарланган. Анын сөөгү Кара-Кулжа районунда жерге берилди.
Каза болгондордун жакындарына президенттик фонддон 300 миң сомдон жардам бериле турганы айтылды. (КЕ)
Дагы караңыз
Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү жерге берилдиКанада дагы 62 орусиялыкка каршы санкция салдыГүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткаратЭрдоган: Орусия Крым жарым аралын мыйзамсыз басып алган