Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:53

Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү жерге берилди


Кара-Суу районунун Кенжекул айылындагы тажыя. 23-август, 2022-жыл. Ош облусу.
Кара-Суу районунун Кенжекул айылындагы тажыя. 23-август, 2022-жыл. Ош облусу.

Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгон Ош облусунун тургундарынын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу "Азаттыкка" билдирди.

Маркумдардын сөөктөрү өздөрү туулуп-өскөн айылдарына коюлуп, ага өкмөт өкүлдөрү катышты.

Ош облусу:
1. Абдулхамид уулу Жакыпбек – 20.08.1990, Араван району, Гүлбаар айылы.
2. Бекмурзаева Диана Акылбековна - 04.09.1998, Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.
3. Кутманали уулу Сыймыкбек - 22.07.1999, Араван району, Гүлбаар айылы.
4. Сулайманова Уулкан Хакимовна - 15.10.1976, Кара-Суу району, Кенжекул айылы.

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган. Каза болгондордун бешөө Баткен, бешөө Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары. Калган эки облуста маркумдардын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди.

Маркумдардын сөөктөрү атайын учак менен 23-август күнү кечке учак менен Ошко алып келинди. Жарандарынын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу бүгүн, 23-августта Кыргызстан аза күтүп жатат. (КЕ/AAb)

Кырсыкта кыйылган кырчын өмүрлөр (тизме)
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:55 0:00

XS
SM
MD
LG