Ооган-тажик чек арасы: Панжшер менен Андарабда кырдаал курч

Панжшер аймагындагы Ахмад Масуд жетектеген "Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун" аскерлери. 4-сентябрь, 2021-жыл

"Талибандын" жетекчилиги ушул апта Панжшер жана Андараб провинцияларында коопсуздук кызматынын жана полициянын жаңы командирлерин дайындаганын ачыктады. Соңку күндөрү чек аралаш аймактарда айыгышкан салгылашуулар катталганы, анда ондогон талибдер набыт болгону айтылууда.

“Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид 21-августта Твиттерде кыймылдын лидери Хайбитулла Ахунзаденин буйругу менен Абдул Кайюм Закир Панжшер жана Андараб коопсуздук күчтөрүнүн биргелешкен командири болуп дайындалганын билдирди.

"Америка добушу" радиосунун ооган редакциясы билдиргендей, талибдердин негизги талаа командирлеринин бири, согуштук тапшырмаларды тыкыр аткарып, радикалдардын жоочуларын жетектеген Молдо Абдул Кайюм Закир акыркы айларда "кызматсыз" калганына абдан нааразы болуп келген. Закир былтыр талибдер келгенде коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп бекитилген эле. Бирок бир айдан кийин "Талибан" кыймылы жаңы өкмөттүн курамын жарыялап, анын ордуна талибдер Мухаммед Якубдун уулун алып келген.

"Улуттук каршылык көрсөтүү фронту" 40 талибдин колго түшкөнүн жарыялады. Панжшер. Август, 2022-жыл.

Абдул Кайюм Закир талибдердин мурдагы аскер башчысы жана молдо Омордун жакындарынын бири катары сыпатталган. Ал 2001-жылы АКШ Ооганстанга киргенде кармалып, Кубадагы Гуантанамо түрмөсүндө 2007-жылга чейин отуруп, кийин ооган өкмөтүнө өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле "Талибандын" расмий өкүлү, дүйшөмбүдө Мухаммад Тайиб Хаккани Панжшер провинциясынын полиция башчысы болуп дайындалганын билдирди.

Ооганстандын түндүгүндө жайгашып, негизинен этникалык тажиктер отурукташкан Панжшер провинциясы талибдердин карамагына өтө элек жалгыз аймак.

Буга чейин "Талибан" кыймылы Тажикстан менен чек аралаш аймакка өз аскерлерин жөнөткөнүн "Озоди" радиосу да жазган. Андан мурда талибдер Тажикстан менен чектешкен беш аймакты "Ансоруллах" тобунун көзөмөлүнө өткөрүп бергени маалымдалган.

Бирок соңку күндөрү Панжшер, Баглан жана Тахор провинцияларында талибдер менен аларга каршы чыккан топтордун ортосунда айыгышкан салгылашуулар болуп жатканы кабарланууда. Өткөн апта Ооганстандын Баглан провинциясында тажик тектүү Ахмад Масуд жетектеген Ооган улуттук каршылык көрсөтүү фронту он талиб согушкерин өлтүрүп, сегизин жарадар кылган айтылат. "8 Собх" басылмасынын маалыматына караганда, кагылышуу Андараб облусунун Пули-Хесар районундагы Таганак айылында болгон.

Муну менен катар Тахор провинциясында Федералдык салык кызматынын күчтөрү менен талибдер согушканы кабарланууда. Анда бул райондогу талибдердин чалгын кызматынын башчысы Кари Себгат набыт болгон делет.

Ооганстандын Тахор провинциясы Тажикстандын Хатлон облусу менен чектеш.

21-августта таңга маал жергиликтүү тургундардын айтымында, Панжшерге жакын Руха районунда, "Талибан" кыймылынын согуштук автоунаасы жол боюндагы минага жарылып, бир нече согушкер өлгөн. Деген менен Панжшердеги талибдердин коопсуздук күчтөрүнүн командири Мавлави Дод Мухаммад жардыруудан эч ким жарат албаганын билдирген.

Ооганстандын “Талибан” бийлигинин өлкө түндүгүнө кошумча күчтөрдү жөнөтүшү талибдердин ич ара келишпестиги менен байланыштуу болушу мүкүн дегендер да жок эмес.

Анткени пуштун тектүү талибдер менен жергиликтүүлөрдүн карама-каршылыгы тууралуу маалыматтар да чыккан. Былтыр күздө “Талибан” Тажикстан менен чектеш аймагына 130 согушкер жибергени айтылган. Анын негизги курамын Тажикстанда тыюу салынган "Ансоруллах" радикал тобунун тажик тектүү өкүлдөрү түзөрү кабарланган.

Талиб согушкерлер. Панжшер. 9-декабрь, 2021-жыл.

Муну менен катар оогандардын "Хашт-е собх" басылмасы өз булактарына таянып 2-августта жазгандай, талибдердин "Омари" корпусунун жетекчисинин орун басары, "Мулла Жан" деген ысым менен белгилүү молдо Мухаммад Жан Хамза тажик бийлиги Ооганстандын ички иштерине кийлигишүүнү токтотпосо, талибдер Тажикстанды бир аптада басып аларын эскерткен эле.

Талибдер Кабулдагы бийликти 2021-жылдын август айында басып алып, Ооганстан Ислам Эмираты негизделгенин жарыялашкан. Бийликке келгенине бир жыл болсо да дүйнөдөгү бир да мамлекет аларды тааный элек.

Бир жыл ичинде өлкөдө адам укугу, өзгөчө кыз-келиндердин укуктары катуу тебеленип, эркиндик чектелгени тууралуу сын-пикир көп.