Евробиримдик жалпы 7,5 миллион украин качкынын кабыл алды

Украиналык качкындар Латвиядагы бозгундарды кабыл алуу борборунда. Рига, март, 2022-жыл.

Европа Биримдиги Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери 7,5 миллион украин качкынын кабыл алды. Бул тууралуу Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 23-августта онлайн өтүп жаткан “Крым платформасы” саммитинде айтты. Ал Украинага басып киргени үчүн Орусияга жооп иретинде киргизилген Евробиримдиктин санкциялары “Орусиянын аскердик машинасы менен экономикасына доо кетирет" деп билдирди.

“Европа Биримдиги Украинага канчалык көмөк керек болсо, ошончолук жардам берет. Эркин жана демократиялуу Украинага жардам берүү боюнча биздин милдетибиз буга чейин мынчалык күчтүү болгон эмес”, - деди Ляйен.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) июль айына карата маалыматы боюнча, Европа өлкөлөрүндө 5 миллион 650 миңден ашык украин качкындары жашап жатат.

Согуш башталгандан бери Украинадан 8,8 миллионго жакын адам чыгып кетип, кийин кайра дээрлик 3,3 миллион киши мекенине кайтып барган. Качкындардын көбү аялдар жана балдар. Себеби, Украинанын бийлиги аскер кызматына милдеттүү эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салган.

Орусия Украинанын аймагына 24-февралда басып кирген, андан бери миңдеген адам өлүп, салгылашуу уланууда. Москва “атайын операция” деп атаган согушту эл аралык коомчулук сындап келатат.

Дагы караңыз

Ульяновскидеги кырсык: өлкө лидерлери Кыргызстанга көңүл айттыОрусиядагы кырсыкта каза болгондордун аты-жөнү расмий жарыяландыАКШ орус жарандарына виза берүүнү чектебейт Кыргызстан аза күтүүдө ФСБ Дугинанын өлүмү үчүн украин бийлигин айыптадыЖалал-Абадда ок атылган калайман мушташка шектүүлөр кармалдыАманбаев менен Мураталиев кызматтан бошотулдуNext TV: Таалайбек Дүйшөмбиевдин соту уланат Өкмөт банктарда алтын, күмүш куймасын сатууну караштырып жатат