Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:40

Кыргызстан аза күтүүдө


23-августта туулардын баары түшүрүлөт.
23-августта туулардын баары түшүрүлөт.

Орусияда кыргыз жарандарынын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу өлкө 23-августта аза күтөт. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы шейшембиде өлкөдөгү бардык мечиттерде бешим намазынан кийин куран окула турганын кабарлады.

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган.

Маалыматтарга караганда, аварияга учураган кичи автобустагы кыргызстандыктар "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына келип, кайра кайтып баратышкан.

Каргашадан улам кылмыш иши козголуп, анын Орусиянын Тергөө кызматы тергеп жатат.

Маркумдардын сөөгү Кыргызстанга 23-августта алынып келет.

XS
SM
MD
LG