Бир катар өлкөлөрдүн лидерлери президент Садыр Жапаровго Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен кыргызстандыктардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтууда.
Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, көңүл айтуу катын Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Беларустун башчылары Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов менен Александр Лукашенко жана башкалар жөнөткөн. Алар Жапаровго жана кыргыз элине, каза болгондордун туугандарына терең кайгыруу менен көнүл айткан. Ошондой эле жараат алып, ооруканада жаткандардын тез сакайып кетишин каалашкан.
21-августта Ульяновскидеги катуу жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган. Дагы үч адам ооруканада. Алардын экөө жалпы палатага которулган, бирөө жандандыруу бөлүмүндө экенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Президент Садыр Жапаров 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаган. (КЕ)
Дагы караңыз
АКШ орус жарандарына виза берүүнү чектебейт Орусиядагы кырсыкта каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келиндиКыргызстан аза күтүүдө ФСБ Дугинанын өлүмү үчүн украин бийлигин айыптады