УКМК Жалал-Абадда "Инфокомдун" кызматкери пара менен кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад шаарындагы Калкты тейлөө борборунун кызматкери пара менен кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, ал паспортту мыйзамсыз берүү, системалуу түрдө пара алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысына шектелүүдө.

"Ал жашы жете элек балдарга 2021-жылдын үлгүсүндөгү жарандык паспортторун мыйзамсыз тариздөө жана берүү, кийинчерээк аларды башка жактарга алып чыгуу үчүн 1000 сомдон 15000 сомго чейин акча каражаттарын системалуу түрдө алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алган. Ошондой эле "ортомчулардын" жардамы менен Кыргызстандан алып чыгуу үчүн баланын ата-энесинин биринин атынан жасалма ишеним каттарды даярдашкан",- деп жазылган билдирүүдө.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

"Инфоком" жана шектүү кызматкердин адвокаттары, жакындары комментарий бере элек. (ТВ)

Дагы караңыз

Төлөбек Абдырахманов Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалдыУлуттук банк экспорттолгон 19,2 тонна алтын тууралуу түшүндүрмө бердиУльяновскидеги кырсык: ооруканага түшкөндөр кыргыз жарандары Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткаратАкылбек Жапаров: балдарга карата кылмыш кылгандар жазасыз калбайт