Латвиянын баш калаасы Риганын Жеңиш гүлбагындагы советтик жоокерлердин эстелиги шейшембиде алына баштады. Delfi-Латвиянын маалыматына караганда, ал жерге курулушчулар менен атайын техника тартылып, эстеликтин тегереги тосулду. Ал аймакты мамлекеттик жана Риганын муниципалдык полициясы көзөмөлдөп турушат. Delfi-Латвия ал жерден укук коргоо органдарынын кеминде он кичи автобусу турганын жазды.
Бир күн мурда 50дөй киши монументтин бузулушуна каршы чыгышкан. Полиция аларды бул аймакка чогулбоого чакырган. Жарым сааттын ичинде акция өткөргөн таратылып, жети киши кармалган.
"Европа правдасынын" маалыматы боюнча, нааразылык акция өткөрүү боюнча арызды Рига мэриясына "Латвиядагы орус биримдиги" партиясы тапшырган. Акция өткөрүүгө уруксат берилген эмес. Дүйшөмбү күнү кечинде Латвиянын желектери жана "Чемодан-вокзал-Орусия" деген плакат көтөргөн жаштардын тобу эстеликтин алдындагы макулдашылбаган митингдин катышуучуларына келип, алар менен демонстранттардын ортосунда маал-маалы менен кагылышуулар болуп турган.
"Интерфакстын" маалыматы боюнча, административдик мыйзам бузуулар - майда бейбаштык, полициянын талаптарына баш ийбөө, макулдашылбаган митинг өткөрүү боюнча иштер карала баштады. Жергиликтүү бийлик эстеликтин жанындагы окуяларга көз салып турат.
Ошондой эле Жеңиш паркынын аймагында дрон учурууга дагы тыюу салынды.
СССР учурунда тургузулган эстеликти бузуу чечими май айында Рига думасынын кезексиз жыйынында кабыл алынган.
Дагы караңыз
Төлөбек Абдырахманов Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалдыУлуттук банк экспорттолгон 19,2 тонна алтын тууралуу түшүндүрмө бердиУльяновскидеги кырсык: ооруканага түшкөндөр кыргыз жарандары Акылбек Жапаров: балдарга карата кылмыш кылгандар жазасыз калбайт