Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгына кабылып ооруканага түшкөн үч кыргыз жаранынын абалы туруктуу оор экенин, алар керектүү дары-дармектер менен камсыз болгонун билдирди. Анда каргаша болгон жерде учурда Орусиядагы кыргыз элчилигинин өкүлдөрү жүргөнү, соттук-медициналык экспертизалар аяктагандан кийин маркумдардын сөөгү мекенине жөнөтүлөрү айтылат. Жакынкы убакта "Жүк-200" үчүн атайын учак жөнөтүлөт.
21-августта Ульяновскидеги ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жарандары экени такталган. Мерт болгондордун жакындары үчүн элчиликтин (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору күнү-түнү иштеп жатат.
Маалыматтарга караганда, аварияга учураган кичи автобустагы кыргызстандыктар "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына барып, кайра кайтып баратышкан.
Соңку учурда Орусиядагы мигранттарга каттоо талабынын күчөгөнүнө, кыргыз элчилигинин ишине байланыштуу сын-доомат көп айтылып жаткан.
Дагы караңыз
Президент Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн алып келүүнү тапшырдыЖурат Абдуллаев УКМКнын тергөө абагына эки айга камалдыАкыйкатчы институту четте өкүлчүлүгүн ачуу демилгесин көтөрдү Бишкек шаардык соту Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын карайт Коргоо министринин маалымат жыйыны болбой калды