Милиция 30-августтан тартып күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Милиция кызматкерлери өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө жана жаңы окуу жылынын башталышына карата 3-августтан тартып убактылуу күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Буга байланыштуу ички иштер министри Улан Ниязбеков 22-августта онлайн кеңешме өткөрдү.

Жыйында бул күндөрү коомдук коопсуздукту камсыздоого, жол кырсыктарынын алдын алууга жана кылмыштуулукту азайтууга байланыштуу бир катар тапшырмалар берилди.

ИИМ тараткан маалыматка ылайык, 31-августта, Кыргызстандын эгемен күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого 10 миңдей милиция кызматкери тартылат.

Жаңы окуу жылы башталган маалда балдарга карата зомбулукту азайтуу, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту кыскартууга байланыштуу иштер күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

Дагы караңыз

Президент Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн алып келүүнү тапшырдыЖурат Абдуллаев УКМКнын тергөө абагына эки айга камалдыӨкмөт башчы Кара-Балтадагы спирт заводун жаңылоону тапшырды Акыйкатчы институту четте өкүлчүлүгүн ачуу демилгесин көтөрдү Бишкек шаардык соту Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын карайт Ульяновскидеги кырсык: ооруканага түшкөндөр кыргыз жарандары