Журат Абдуллаев УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды

"БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Мыйзамсыз курал сактоого шек саналып кармалган ишкер Журат Абдуллаев Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына эки айга камалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Биринчи май райондук сотунан кабарлашты. Соттун 20-августтагы чечими менен ал 19-октябрга чейин абакта болот.

УКМК 19-августта сүт азыктарын чыгарган "Үмүт жана Ко" ишканасынын ээси Журат Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирген. Анда кылмышка шектүүнүн үйүн жана иштеген жерин тинткенде "БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы, танктын үстүнө орнотулган "Калашников" үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган.

Атайын кызмат тараткан кабарда Абдуллаев "такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени" белгиленген.

"Үмүт жана Ко" фирмасынын ээлери ага-ини Кайрат жана Журат Абдуллаевдер Токмоктогу "Гавайи" ири эс алуу жайынын кожоюндары катары да белгилүү.

Дагы караңыз

Бишкек шаардык соту Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын карайт Ульяновскидеги кырсык: ооруканага түшкөндөр кыргыз жарандары Өкмөт башчы Кара-Балтадагы спирт заводун жаңылоону тапшырды Акыйкатчы институту четте өкүлчүлүгүн ачуу демилгесин көтөрдү