Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгы жөнүндө маалымат таратты.
Баштапкы маалымат боюнча жол кырсыгынан 16 адам каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары. Ооруканага жаткырылган үч кишинин жарандыгы такталып жатат.
Кырсык Николаев районунун Праскавьина жана Новоспасское айылдарынын ортосунда, "Урал" трассасында болгон.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөштү. Каза болгондордун жакындары үчүн (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору иштеп жатат.
Жол кырсыгынын видео, фотолору социалдык тармактарда тарады. Аны тарткандар токтоп турган кичи автобусту чоң жүк ташуучу машине сүзгөнүн айткан.
Орусиянын Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских Телеграммдагы расмий каналында ооруканадагыларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын кабарлады. (TSh)
Дагы караңыз Орусиядагы жол кырсыгы: 23-август - аза күнү деп жарыяландыДагы караңыз
Эмомали Рахмондун Тоолуу Бадахшанга сапары күтүлүп жатат Вандык кыргыздардын Түркияга көчүп барганына 40 жыл болду Казакстанда эки шаарда саясий куугунтукка каршы акция өттүУкраинанын портторунан айыл чарба азыктары жүктөлгөн дагы төрт кеме жолго чыктыАкыйкатчы зомбулукка кабылгандардын сүрөт, видеолорун таратпоого чакырдыТакыр окубай калган тогуз жашар бала жеке мектепте билим алмай болду Кыйноолорго каршы борбордун жетекчилигине кайрадан Рысбеков тандалды