Вандык кыргыздардын Түркияга көчүп барганына 40 жыл болду

Түркия. Ван аймагындагы Улуу Памир айылы. 2020-жыл.

21-августта Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында 1982-жылы Памирден көчүп барган кыргыздар уюштурган иш-чара өттү. Ага Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысынын орун басары Арслан Койчиев, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова жана жергиликтүү жетекчилер катышты.

Улуу Памир айылында 2500ге жакын кыргыз жашайт. Алардын 350гө жакыны мектеп окуучулары. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык вандык кыргыз бар.

Айыл Түркиянын чыгышында Иран менен чектешкен Ван дубанында жайгашкан. Жергиликтүү калк негизинен айыл чарбасы менен алектенет. Кыргыздар Түркияга 1982-жылы Ооганстандан көчүп барышкан. Ал эми Улуу Памир айылы 1987-жылы түптөлгөн. (ElB)

Дагы караңыз

Казакстанда эки шаарда саясий куугунтукка каршы акция өттүУкраинанын портторунан айыл чарба азыктары жүктөлгөн дагы төрт кеме жолго чыктыОоганстандын чыгышында суу ташкынынан кеминде 22 адам каза болдуАкыйкатчы зомбулукка кабылгандардын сүрөт, видеолорун таратпоого чакырдыТакыр окубай калган тогуз жашар бала жеке мектепте билим алмай болду Кыйноолорго каршы борбордун жетекчилигине кайрадан Рысбеков тандалды