Орусияда Дугиндин кызынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Дарья Дугина.

Москванын чет жакасында 20-августтун кечинде орусиялык саясий технолог, философ Александр Дугиндин кызынын автоунаасы жарылып мүрт кетти. Орусиянын Тергөө комитети бул окуя боюнча адам өлтүрүү фактысы менен кылмыш ишин козгоду.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, автоунаа жүрүп бара жатканда жарылган. Тергөө комитети каза болгон айдоочу Дарья Дугина экенин ырастады.

“Коммерсантъ” басылмасы ишемби күнү Александр Дугин кызы менен президенттик маданий демилгелер фонду, Москва облусунун Маданият жана туризм министрлиги жана Одинцово администрациясы уюштурган “Салт” фестивалына катышканын жазды. Маалыматка караганда, иш-чарадан кийин экөө чогуу кетүүнү пландап, бирок эки башка автоунаа менен жолго чыккан.

Александр Дугин - “орус дүйнөсүнүн” идеологдорунун бири, ал орус аскерлерин Украинага киргизүүнү жана анын дээрлик бардык аймагын басып алууну жактаган. Дугиндин идеялары Кремлдин саясатына таасир этет деп эсептешет.

Дарья Дугина атасынын идеялары менен бөлүшүп, коомдук иштер менен да алектенген. Атасы менен бирге ал Улуу Британиянын санкциялык тизмесине кирген.

Украинанын чыгышындагы өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атаган жикчил түзүмдөрдүн лидери Денис Пушилин Дарья Дугинанын өлүмү үчүн Украинанын бийлигин айыптап, алар Александр Дугинди өлтүрүүнү максат кылышканын билдирди.

Украин бийлиги мындай айыптоолорду четке кагып, "Дугинанын өлүмүнө тиешебиз жок" деген жооп кайтарды.

Дагы караңыз

Казакстанда эки шаарда саясий куугунтукка каршы акция өттүСевастополдо кайрадан жарылуунун добушу угулдуЮстиция министрлиги турак жай кооперативдерин көзөмөлдөөнү сунуштадыЫсык-Көлдү торлордон тазалоо башталдыБишкекте коомдук транспортто телефон уурдоого шектелген жаран бир айга камалдыӨКМ көчкү коркунучу бар 44 жерде кырсыктардын алдын алуу иштерин жүргүзөт