Казакстанда эки шаарда саясий куугунтукка каршы акция өттү

Алматы шаарында өткөн акция. 21-август, 2022-жыл.

Казакстанда каттоодон өтпөгөн “Алга, Казакстан” партиясынын активисттери 21-августта Алматы жана Нур-Султан шаарларында саясий куугунтукту токтотууну жана партияны каттоодон өткөрүүнү талап кылып акцияга чыкты.

Уюмдун 20 чакты мүчөсү Алматыда Чокан Валиханов атындагы аянтка чогулуп, “бийлик “Алга, Казакстан” партиясын каттоого уруксат бербей жатат” деп сынга алышты. Алар бийликке кайрылып, чыныгы оппозиция боло ала турган активисттерге саясатка жол ачууга үндөштү.

Чогулгандар саясий куугунтукту токтотууну жана саясий туткундарды бошотууну талап кылышты. Акциянын катышуучулары “Биз бардык саясий партияларды каттоону талап кылабыз!”, “Саясий куугунтук токтотулсун!” деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышты. Пикетке чыккандардын арасында Январь окуясында жакындарын жоготкондор да бар.

Администрациянын, прокуратуранын өкүлдөрү келип, нааразылык акция мыйзамсыз өтүп жатканын эскертип, чогулгандарды тарап кетүүгө чакырды. Бирок алар президент Касым-Жомарт Токаевдин мыйзам боюнча митинг өткөрүү үчүн эскертүү гана жетиштүү экенин айтканын жүйө кылып, тарап кетүүдөн баш тартышты.

Жекшембиде Нур-Султан шаарында да ушундай эле талаптар коюлган митинг өттү.

Дагы караңыз

Севастополдо кайрадан жарылуунун добушу угулдуЮстиция министрлиги турак жай кооперативдерин көзөмөлдөөнү сунуштадыЫсык-Көлдү торлордон тазалоо башталдыБишкекте коомдук транспортто телефон уурдоого шектелген жаран бир айга камалдыӨКМ көчкү коркунучу бар 44 жерде кырсыктардын алдын алуу иштерин жүргүзөт