Аба ырайы: тоолорго кар түшөт

Ак-Сай өрөөнү.

21-августта Ысык-Көл жана Баткен облусунун тоо этектерине жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20…25;

Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24;

Нарын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25;

Бийик тоолордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14 градус.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө майыптыгы бар жарандардын жүрүшү улануудаИИМ: фейк аккаунттар менен экстремисттик материал тараткан киши кармалды Президент Жапаров санарипке өтпөгөн министрлер кызматтан кетерин эскерттиОрусиянын Кара деңиз флотунун штабына учкучсуз учактан чабуул болду  Алымкадыр Бейшеналиев "Алтын балалыкка” жетекчи болуп дайындалды