Владимир Путин ноябрда G20 саммитине катышары күтүлүүдө

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин. Бээжин. 2018-жыл.

Индонезиянын президенти Жоко Видодо Орусиянын президенти Владимир Путин 15-16-ноябрда Индонезиянын Бали аралында өтө турган “Чоң жыйырмага” (G20) кирген өлкөлөрдүн саммитине келет деп күтүлүп жатканын кабарлады.

Виодо Bloomberg агенттигине берген маегинде саммитке келүү ниетин Владимир Путин өзү билдиргенин айтты. Маалыматка караганда, Бали аралына Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин да барат.

Кремль комментарий берүүдөн баш тартты. Атын атагысы келбеген орусиялык чиновник Bloomberg басылмасына Владимир Путин G20 лидерлеринин жолугушуусуна катышууну пландап жатканын ырастады.

Июндун аягында Видодо Москвада Владимир Путин менен жолугушкан. 18-августта алар телефондон сүйлөшүп, саммитке даярдык тууралуу сөз болгону кабарланган. Башка маалымат берилген эмес.

Эгерде Путиндин сапары ишке ашса, "Чоң жыйырмалыктын" саммити Украинада согуш башталгандан бери Владимир Путин Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери менен чогуу катышкан биринчи иш-чара болот.

Дагы караңыз

Лицензиясыз акча алмаштыруу менен алектенген эки жаранга айып салынды Politico: АКШ Орусияны терроризмдин демөөрчүсү деп таануудан кооптонууда"Үмүт жана Ко" фирмасынын ээси ири курал сактоого шек саналып жататАскер институтунда каза болгон жоокердин сөөгү айылына жөнөтүлдү Президенттик администрация мамлекеттик органдардын ишин баалайт Сот блогер Батмакан Жолболдуеваны үй камагына чыгарды Аскер институтунун бир жоокери октон каза болду