Элчи Кадыркулов Зеленский менен жолугушуусу жөнүндө билдирүү таратты

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркуловдун аталган өлкөнүн башчысы Владимир Зеленский менен жолугушуусу. 17-август, 2022-жыл.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов аталган өлкөнүн башчысы Владимир Зеленскийге ишеним грамотасын тапшыруу иш-чарасынан кийинки жолугушуунун мазмуну жөнүндө билдирүү таратты.

Фейсбуктагы баракчасында Кадыркулов президент Зеленский эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде соода-экономикалык алаканы өнүктүрүүнү сунуштаганын жазды.

Украин президентинин сайты, Владимир Зеленский Кыргызстан Украинанын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоодо чечкиндүү позициясына ишеним артарын билдиргенин маалымдады.

17-августта Кадыркулов Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырган.

24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Согуш миңдеген адамдын өмүрүн алып, миллиондогон адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин согуш башталгандан бери айтып келет. (TSh)

Дагы караңыз

Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы борбор түзүү сунушталдыАкылбек Жапаров Орусиянын премьер-министри менен телефондон сүйлөштүМамлекеттик органдар соцтармактарда түз эфирде маалымат берип туратПрезиденттик аппарат курултай тууралуу жарлыкка түшүндүрмө берди