Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:29

Президенттик аппарат курултай тууралуу жарлыкка түшүндүрмө берди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президенттин администрация мамлекет башчы Садыр Жапаровдун “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыгы жөнүндө кенен түшүндүрмө таратты. Билдирүүдө курултай чакыруу эмнеге жарлык менен бекитилгени Конституциядагы беренелер менен көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жарандар мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу экени айтылат.

“Конституциянын 7-беренесинде, элдик курултай - коомдук жыйын. Ошол эле учурда элдик курултай кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет деп белгиленген. Ошондой эле Конституциянын 71-бенесине таянып, президент Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында аткарылышы милдеттүү болгон жарлыктарды жана тескемелерди кабыл алуу аркылуу өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат”, - деп жазылган маалыматта.

17-августтун кечинде президент Садыр Жапаров элдик курултай өткөрүү жана делегат тандоо боюнча пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазган. Анда мыйзам кабыл алынганга чейин элдик курултайды жарлык менен чогултууну туура көргөнүн жана анда бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин билдирди. Президент курултайга аймактардан делегат тандоодо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсүнө тыюу салынганын айтты.

Жапаров 16-августта "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анда 25-ноябрда Бишкекте биринчи элдик курултай чакырылары жазылган. Жарлыкка ылайык, курултайды уюштуруу комитетинин башчысы болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалган, анын курамы бекитилген. 18-августта Элдик курултай өткөрүү жана делегат тандоонун жобосу президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Май айында Жогорку Кеңештин тармактык комитети Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун чукул караган, бирок документтин концепциясы колдоо тапкан эмес. Жыйында негизинен бул институттун макамы, ыйгарым укуктары, делегаттар жана президенттин администрациясынан көз каранды экенине байланыштуу беренелерден улам кызуу талаш-талкуу чыккан жана сын-доомат айтылган.

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек. (TSh)

XS
SM
MD
LG