Өзбекстандын Ташкент шаарында 18-августта өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү жыйынында Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүүнү сунуштады. Ниязбеков бул борбор ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоого жана коркунучтарга каршы турууда механизмдердин бири болорун белгилеп, ИИМдин демилгесин колдоого чакырды.
Мекеменин маалыматына караганда, жыйында трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, терроризм, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү, кибер кылмыштуулук жана адам сатуу менен күрөшүү боюнча талкуу жүрдү.
Коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУ уюмуна сегиз өлкө – Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Пакистан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. Беларус, Иран, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ. (TSh)
Дагы караңыз
Акылбек Жапаров Орусиянын премьер-министри менен телефондон сүйлөштүМамлекеттик органдар соцтармактарда түз эфирде маалымат берип туратПрезиденттик аппарат курултай тууралуу жарлыкка түшүндүрмө бердиУКМК “Тазалык” ишканасында коррупциялык схема аныкталганын маалымдадыСолтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди