Акылбек Жапаров Орусиянын премьер-министри менен телефондон сүйлөштү

Михаил Мишустин жана Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен телефондон сүйлөшүп, соода-экономикалык катыш, бирге ишке ашырып жаткан долбоорлорду талкуулашты. Бул тууралуу маалымат орус өкмөтүнүн сайтында жазылды.

Анда эки тарап 25-26-августта Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына даярдыктарды дагы талкуулашканы жазылган.

Азырынча Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы бул сүйлөшүү жөнүндө кабарлай элек.

2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. Уюмга мүчө болгону менен кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүүдө көйгөй жаралып келүүдө. (TSh)

Дагы караңыз

Мамлекеттик органдар соцтармактарда түз эфирде маалымат берип туратПрезиденттик аппарат курултай тууралуу жарлыкка түшүндүрмө бердиУКМК “Тазалык” ишканасында коррупциялык схема аныкталганын маалымдадыСолтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилдиАкыйкатчы институту Жумагуловдун өлүмү боюнча ички иликтөө жүргүзүүнү талап кылды