Зеленский менен Гутерриш Львов шаарында жолугушту

Антониу Гутерриш менен Владимир Зеленский. 18-август, 2022-жыл.

18-августта Львов шаарында Украинанын президенти Владимир Зеленский Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул тууралуу Владимир Зеленский Фейсбуктагы баракчасына жазып, Украинанын данын ташуу маселеси, Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) айланасындагы кырдаал талкууланганын билдирди.

Ал БУУ атомдук электр станциянын коопсуздугун, андан Орусиянын аскерлеринин чыгып кетишин камсыз кылышы керектигин айтты. Антпесе АЭСтеги окуялардын кесепети оор болорун эскертти.

Антониу Гуттериштин Украинадагы сапарында Владимир Зеленский, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын катышуусунда сүйлөшүүлөр болору кабарланган.

Европадагы эң чоң атомдук станция – Запорожье АЭСи Украинанын орусиялык аскерлер басып алган аймагында жайгашкан. Согуштун башында да станцияга сокку жасалып, анда да эки тарап бири-бирин айыптаган. Соңку күндөрү да анын айланасында кармаш жүрүп жатат.

14-августта Европа Биримдигинин бардык мүчөлөрү жана АКШ, Канада, Астралия, Түштүк Корея, Жапония баштаган 42 мамлекет Орусияны Запорожье атомдук электр станциясынан чукул арада аскерлерин алып кетүүгө чакырган. Запорожье облусун басып алган орусиялык күчтөр станциянын айланасында ок атышпоо режимин сунуштаган.

Дагы караңыз

Президенттик аппарат курултай тууралуу жарлыкка түшүндүрмө бердиОрусияда камакка алынган журналист Шукаева ачкачылык жарыяладыСолтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилдиАкыйкатчы институту Жумагуловдун өлүмү боюнча ички иликтөө жүргүзүүнү талап кылдыКабулда мечиттеги жардыруудан каза болгондордун саны 21ге жеттиАтамбаевдин жактоочулары Батукаев иши боюнча кассациялык арыз жазды Элчи Кадыркулов Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды Москвада тажикстандык дагы бир активист кармалды