Тоолуу Бадахшандык жарандык активист жана блогер Максуд Гаёсов 17-августта Москвада кармалды. Ал жарым жылдан ашык убакыттан бери Орусияда жашап жаткан. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматына Максуд Гаёсовдун достору жана тааныштары билдиришти.
Москва полициясы окуя тууралуу маалымат бере элек. Укук коргоо кызматкерлери Гаёсовду кайда алып кеткени да белгисиз. Жакындары ал Тажикстанга экстрадицияланышы мүмкүн деп кооптонушууда. Алардын айтымында, 2021-жылы ноябрда Хорогдо Рошткала районунун тургуну Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин Гаёсов социалдык тармактарда активдүү боло баштаган.
Максуд Гаёсов Инстаграмдагы 47 миңден ашык катталуучусу бар “Бобинги” сатиралык блогунун автору. Мындан тышкары, Тоолуу Бадахшанда ар кандай социалдык долбоорлордо ыктыярчы болуп иштеген.
Бадахшандагы 2021-жылдын ноябрь жана 2022-жылдын май айларындагы окуялардан кийин Тажикстандын бийлиги бул аймакта ондогон жарандык активисттерди жана нааразылык акцияларынын катышуучуларын камакка алган. Бадахшандагы кырдаал былтыр ноябрда күч органдарынын операциясынын натыйжасында Рошткала айылынын тургуну Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин курчуп кеткен.
Бул окуядан кийин Тоолуу Бадахшандын тургундары митингге чыккан. Аларды күч менен таркатууда эки адам каза болуп, 17 киши жаракат алган. 16-майда Хорогдо Зиёбековдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдүн жазалоону талап кылгандар нааразылык акция өткөрүшкөн.
Эл аралык уюмдар жана Батыш өлкөлөрү тынчтык акцияларынын күч менен басылышына тынчсыздануусун билдирип, Тажикстандын бийлигин Тоолуу Бадахшан автоном облусунун тургундарынын негизги укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого чакырган.
Август айынын башында Москвадагы памир диаспорасынын активисттери Ораз Вазирбеков менен Рамзи Вазирбековдун жакындары тажик коопсуздук кызматы аларды Тажикстанга күч менен алып кеткенин айтып чыгышкан.
Дагы караңыз
Бишкекте УКМК кызматкерлерине дагы бир имарат салындыЭлчи Кадыркулов Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды Апрель-июнь айларында Казакстанга 500 миңден ашык орусиялык келдиАкылбек Жапаров кытай элчиси менен темир жол куруу долбоорун талкууладыЧүй милициясы: Сокулукта аялын көгала кылып сабаган жаран камалды Ислам шериктештиги оюндары: кикбоксчу Адилет Улан уулу күмүш байге алдыКабулда мечиттеги жардыруудан каза болгондордун саны 21ге жетти