Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекетке өткөрүлгөн үйүндө жакында курулуш иштери башталарын “Азаттыкка” билдирди.
“Учурда укуктук маселелер чечип жатат. Анын үйү Мүлк фондуна өткөрүлгөн. Жакында ал жакта курулуш башталат".
Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган Курманбек Бакиевдин Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү үйүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борбору ачылганы жатат. Министрлик ал жакта курулуш иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Буга чейин 2011-2017-жылдары президент болгон Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясын карылар үйүнө айлантуу пландалып жатканы айтылган. Анын үйүнүн айланасында талаш чыккан. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү соттун чечими менен мыйзам чегинде мамлекетке өткөнүн билдирген. Ал эми Атамбаевдин адвокаттары менен жакындары соттун чечими жок экенин айтып келишет.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган. (TSh)
Дагы караңыз
Балыкчы-Кочкор темир жолунун беш чакырымдайы бүттүСокулукта токмоктолгон аял күйөөсүнө каршы арыз жаздыДепутат Бекешев блогердин камалышына байланыштуу пикирин билдирдиКыргызстан менен Орусиянын коргоо министрлери жолукту