Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16 жаштагы кыздын кош бойлуу экендиги тууралуу кабар алгач Ноокат райондук милициясына ушул жылдын 17-июнунда түшкөн.
Кыз августтун башында көз жарган. Факт Ички иштер министрлигинин электрондук журналына катталып, тергөө жүрүп жатат. Шектүү катары Ноокат шаарынын тургуну кармалган.
Балдар кодексинин 94-беренесинин 4-пунктундагы эрежелерден улам милиция мындан башка маалымат берген жок.
Секелектин кандай шартта кош бойлуу болгону азырынча белгисиз. (ArN)
Дагы караңыз
Кыргызстанда педофилдерге жаза катаалдаштыБалыкчы-Кочкор темир жолунун беш чакырымдайы бүттүДепутат Бекешев блогердин камалышына байланыштуу пикирин билдирди"Көп талант өттү билинбей". Мамбеталы Таранчиевди эскерүүӨзбекстан менен Тажикстан 26,6 миллион долларлык келишим түзүштү