Латвиянын президенти орус баскынчылыгын колдогондорду депортациялоону сунуштады

Латвиянын президенти Эгил Левитс

Латвиянын президенти Эгил Левитс Орусиянын Украинага кол салуусун колдогон чет элдиктердин убактылуу жашап турууга берилген укуктарын жокко чыгарып, аларды өлкөдөн чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу ал Икшкиле шаарындагы саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган иш-чарада кеп кылганын Delfi басылмасы жазды.

Президент мурдагы өкмөттөрдү “жашап туруучу укуктарды орусиялык жарандарга ашыкча берип келгенин” айтып, бул саясатты кайра карап чыгуу убактысы келгенин билдирди. Ал ошондой эле келечекте Орусиянын жарандыгын ала турган Латвиянын жашоочулары өлкөдөн азыртан чыгып кетиши керектигин кошумчалады.

Латвияда 2010-жылдан бери кыймылсыз мүлктөрдү алгандарга жана башка инвестицияларды салгандарга жашап туруу укугун берүүчү программа иштеп келген. Өлкө андан бери жалпы 46 миңден ашык чет элдик жаранга убактылуу жашоо укугун ыйгарган.

Delfi басылмасы келтиргендей, убактылуу жана туруктуу жашап туруу укуктарын (ВНЖ-ПМЖ) алган орусиялыктардын саны ушул күнгө чейин 50 миңден ашкан, ал эми толук кандуу жарандыгы жок орус тектүүлөрдүн саны 120 миндей болгон.

Февралда Латвиянын бийлиги орусиялыктарга туристтик виза берүүнү чектеп, мартта Орусиянын жана Беларустун жарандарына жашап туруу укугун берүүнү токтоткон. Өлкө бийлиги жалпы Шенген мейкиндигинин деңгээлинде орусиялыктарга туристтик визе берүү сунушун колдоп жатат.

Польшанын тышкы иштер министринин орун басары Пётр Вавжик алардын мамлекети Орусиянын жарандарына Евробиримдиктин аймагына туристтик виза берүүгө тыюу салуу документин иштеп жатканын кабарлаган. Анын айтымында, Евробиримдиктин алкагында визалык режимди катаалдатууга Германия, Франция жана Нидерланды каршы чыгып жатат. Пётр Вавжик идеяны Литва, Латвия, Эстония, Чехия жана Словакия колдоого алганын тактаган. Бул тема Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин августтагы жолгушуусунда талкууланары күтүлүүдө. (ErN)

Дагы караңыз

Июнь окуясы боюнча сот башталдыАкыйкатчы институтунун кызматкерлери Жекшеналиевдин абалынан кабар алды Еревандагы жарылууда өлгөндөр алтыга жеттиМамлекеттик катчы "Так мураскери" тасмасын сындагандарга жооп берди