Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:43

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Жекшеналиевдин абалынан кабар алды


Ырыс Жекшеналиев.
Ырыс Жекшеналиев.

Акыйкатчы институтунун (Омбудсмен) кызматкерлери милицияда камалган Фейсбук колдонуучу Ырыс Жекшеналиев менен жолугуп чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Омбудсмен кызматкерлерине Жекшеналиев милицияда кыйноо же орой мамиле болбогонун билдирген. Ал өзүнө тагылган айыптарга макул эместигин билдирген. Учурда анын жактоочусу иш-материалдары менен таанышып жатат.

15-августта Ички иштер министрлиги (ИИМ) Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин камалганын ырастаган.

19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеосун аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон. Милиция Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман баш аламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш иши козгогон. Жекшеналиев милициянын убактылуу кармоо жайына камалган.

Тарапташтары Жекшеналиевдин каты деп жарыялаган баракта ал муну “саясий кылмыш иш” деп жазган. Азырынча анын бөгөт чарасы качан каралары белгисиз.

14-августта президент Садыр Жапаров сөз болуп жаткан кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG