Челябинскидеги тергөө абагында 17 кыргызстандык жаран отурат

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугунун өкүлдөрү Челябинск шаарындагы тергөө абагында отурган кыргыз жарандарынан кабар алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

"Консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн кызматкерлер ар бир кыргызстандык жаран менен жеке баарлашып, суроолоруна жооп берип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле, кыргызстандык дипломаттар тергөө изоляторунун башчысы менен да кезигип, өз ара кызматташууну талкуулашты, абактын шарты менен таанышты. Башкы консулдук камалган кыргызстандыктарга жардам көрсөтүү максатында консулдук округдун аймагындагы түзөтүү абактарын кыдырууну улантат", - деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда Москвадагы кыргыз диаспорасынын Аксакалдар кеңешинин демилгеси менен мигранттар арасындагы кылмыштын алдын алуу маселеси талкууланган. Анда соңку кездери айрыкча баңгизатка байланыштуу кылмышка баргандар көбөйүп жатканына камтамачылык айтылган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ)маалыматына караганда, Орусияда учурда 1834 кыргызстандык ар кандай кылмыштарга айыпталып абакта отурат. Кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын көбү "уурулук" беренеси менен камалган. Арасында "киши өлтүрүү", "баңгизат ташуу" беренелери менен абакка түшкөндөр бар. Өтө оор кылмыштар менен 859, экономикалык кылмыштар менен 109, баңгизатка байланыштуу 327 адам абакта отурганын ИИМдин орун басары Нурбек Абдиев 20-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, азыр бир миллиондон ашуун кыргызстандык Орусияда иштеп жүрөт.

Дагы караңыз

Жекшеналиевге "баш аламандык уюштурууга чакырган" деген айып коюлдуАбдил Сегизбаев эски видеосунан улам милицияга сурак берди Денис Петрашов Ислам шериктештиги оюндарында дагы бир коло байге алдыЗардалыга интернет жетти