Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Абдил Сегизбаев эски видеосунан улам милицияга сурак берди


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 14-августта сурак бергенин ырастады. Анда "Сегизбаев Жетим-Тоо кени тууралуу айткан видеосу мындан эки жыл мурда, президенттик шайлоого талапкер катары катышып жаткан маалда тартылганын айтты. Андан бери социалдык тармактарга кандайдыр бир билдирүү, маалымат жарыялабаганын билдирди. Учурда тергөөгө тиешелүү бардык аракеттер көрүлүп жатат",-деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында, социалдык тармактарда Сегизбаевдин Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы айткандары тартылган видео тараган.

14-августта президент Садыр Жапаров бул кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Президент Фейсбуктагы баракчасына "өздөрүн “баатыр” көрсөткүсү келип жаткан “лжепатриоттор!”, Жетим-Тоону бирөөлөргө берген жатат деп, калп айтып, элдин башын жөнү жок айлантпагыла. Тартип сактоо органдары, ушундай арам ою бар “лжепатриоттор”, калпычылар менен тартипке чакыруу иштерин алып баргыла. Эмне үчүн элге туура эмес маалыматтарды таратып жатышат?,- деп жазган.

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн.

Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министрдин милдетин аткарып турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир кени бар экенин, аны иштетүү ниетин билдирген.

XS
SM
MD
LG