Еревандагы соода борборунда болгон жарылууда бир киши өлдү

Еревандагы жарылуудан кийин тартылган сүрөт.

Армениянын борбору Еревандагы "Сурмалу" соода борборундагы жарылуудан бир киши өлүп, 26 адам жараат алды. Алардын бир тобу ооруканага түштү. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун армян кызматы Саламаттык сактоо министрлигине таянып билдирди.

Мурдараак Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир киши каза таап, 20сы жараат алганын кабарлаган.

Окуя 14-августта борбордун пиротехникалык кампасында болду. Баштапкы маалыматтарга ылайык, эки күчтүү жарылуудан кийин өрт чыккан. Урандылардын астында дагы деле адамдар болушу мүмкүндүгү айтылган.

Дагы караңыз

Үркүн окуяларына арналган жүрүш аяктадыБишкек-Балыкчы-Бишкек поезд каттамы 15-августтан жанданатУкраинада согуш башталгандан бери орусиялыктар Грузиядан 4 миңден ашык батир сатып алды Президент Жапаров Жетим-Тоого байланыштуу пикирин билдирди