Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:28

Украинада согуш башталгандан бери орусиялыктар Грузиядан 4 миңден ашык батир сатып алды


Тбилиси.
Тбилиси.

Украинада согуш башталгандан бери Орусиянын жарандары Грузиядан, негизинен борбор Тбилиси менен Батумиден 4000ден ашык батир сатып алышты. Алардын 3000ден көбү июль айында сатылып алынган. Бул тууралуу Михаил Саакашвилинин “Бириккен улуттук кыймыл” партиясы билдирди.

Июль айында Грузияга келген орусиялыктардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетип, 150 миң адамды түздү. Январдан бери Грузияга узак же кыска мөөнөткө келген орусиялыктар 350 миңге жетти.

Партиянын маалыматына караганда, акыркы айларда 16 480 орусиялык Грузияда жашоого уруксат алышкан, алар кыймылсыз мүлк сатып алгандардын жакындары болушу мүмкүндүгү айтылды. Грузин мыйзамдарына ылайык, кыймылсыз мүлктү сатып алган чет элдикке өлкөдө жашоо жана иштөө укугу берилет.

Буга чейин Transparency International уюмунун Грузиядагы өкүлчүлүгү өз баяндамасында акыркы алты айда Орусиядан бул мамлекетке 700 миллион доллардан ашык акча келгенин билдирген. Бул 2021-жылы 12 айда Орусиядан которулган акчадан көп. Бул аралыкта орусиялык жарандар Грузияда 6400дөн компанияны каттоодон өткөрүшкөн.

Оппозициялык “Бириккен улуттук кыймыл” партиясы бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынан “орусиялыктардын шектүү агымына каршы” чара көрүүнү талап кылууда, бирок бул чакырык азырынча жыйынтык бере элек. Оппозициянын сунуштарынын арасында орусиялык жарандарга батир сатып алууга тыюу салуу, алар үчүн виза режимин киргизүү, чек арадан өтүүдө Грузия менен Украинанын аймактык бүтүндүгүн таануу үчүн анкеталарды милдеттүү түрдө толтуруу бар.

XS
SM
MD
LG