Москвада полицияга кол салууга айыпталган эки тажикстандык жаран үч жарым жана эки жарым жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Москванын Симоновский райондук соту 11-августта чыгарды.
Окуя “Тульская” метро станциясында быйыл февраль айында болгон. Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, кармалгандардын бири 18 жаштагы Умар Расулжонзода тартип коргоочуларга баш ийбей, түрткүлөшкөн. Ал эми анын агасы 21-жаштагы Саидакрам Хамроев полиция кызматкерин тээп, чаап качып кеткен.
Алардын туугандарынын айтымында, полиция кызматкерлери кармалгандардын колдорун кайрый баштаганда алар ушундай кадамга барууга аргасыз болгон. Бул окуя социалдык тармактарда талкууга түшүп, орус полициясынын мигранттарга болгон катаал мамилесин сындагандар болгон.
Дагы караңыз
Укук коргоочу Рузиевге сот чечими чыгат Балдарга зомбулук көрсөткөндөрдү өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамы ишке кирди 2023-жылдын башында Орусияда мунай өндүрүү 20% азаятМурдагы канцлер Герхард Шредер Бундестагды сотко бердиНурсултан Назарбаев Казакстанда мечиттин ачылышына катышты