Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:20

Укук коргоочу Рузиевге сот чечими чыгат 


Камил Рузиев.
Камил Рузиев.

Каракол шаардык соту укук коргоочу Камил Рузиевге козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгаруу үчүн кеңешүүгө кирип кетти. Бул тууралуу сотко катышып жактан укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” маалымдады.

Рузиевге буга чейин мамлекеттик айыптоочулар соттон аны күнөөлүү деп таап, беш жыл кесип, бирок мунапыс менен бошотууну суранып жатышканын маалымдаган. Ага карата кылмыш ишин токтотуу боюнча жергиликтүү жана эл аралык уюмдар дагы кайрылуу таратышкан.

Рузиев Караколдогу "Вентус" укук коргоо уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келгени менен белгилүү.

Укук коргоочу эки жыл мурун "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына алынган. Кийин анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынган. Экинчи берене боюнча 2020-жылы сентябрында Каракол шаардык сотунда башталган сот иштери аягына чыга элек. Рузиев мунун баарын анын укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн өч алуу деп эсептейт.

18-декабрда Женевада өткөн жыйында уюмдун атайын баяндамачысы Мэри Лолор Кыргызстандын бийлигин укук коргоочу Камил Рузиевге карата куугунтукту токтотуп, ал айтып чыккан мыйзам бузуу фактыларын иликтөөгө чакырган. Ал Рузиев күч түзүмдөрүндөгү кыйноолорду жана алардын ишиндеги кемчиликтерди ашкере кылгандан кийин куугунтукка кабылганын айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG