Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы шаар тургунунун машинесин коркутуп тартып алууга шектелгенуюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын маалымдады. Милициянын маалыматында шектүүлөр мурда соттолгон. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди, учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кишилер изделүүдө.
4-августта 102 кызматына шаар тургундарынын бири май куюучу жайдан бир нече бейтааныш киши күч колдонуп, бычак менен коркутуп Mercedes Gelandewagen үлгүсүндөгү машинесин тартып алышканын айтып арыз жазган. Машине ээсине кайтарылып берилди.
Милициянын 2019-жылдын декабрындагы расмий маалыматына караганда, Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушевдин кылмыш тобунун 421 мүчөсү бар. Былтыр октябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ деген түшүнүк болбошу керектигин айтып, аларга каршы катуу күрөш жүргүзүлөрүн айткан. (TSh)
Дагы караңыз
Баткенде мектеп директорлугуна сынактан 60 талапкер өттүИИМ “Азия Моллдон” жардыруучу зат тууралуу кабар түшкөнүн билдирди12-августтун аба ырайы: сел жүрүү коркунучу сакталуудаСогушка баруудан баш тарткан орус аскери кыйноого кабылганын айтты