ИИМ “Азия Моллдон” жардыруучу зат тууралуу кабар түшкөнүн билдирди

"Азия Молл" соода борбору. 11-август, 2022-жыл.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү бүгүн, 11-августта саат 13:56 чамаларында “Азия Молл” соода борборунан бомба бар экени жөнүндө анонимдүү маалымат түшкөнүн билдирди. Учурда соода борборго ыкчам-тергөө тобу келген. Жарандар сыртка чыгарылууда.

Милициянын маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери да келишкен. Тиешелүү аракеттер көрүлүп жатат жана кошумча маалымат берилет.

Буга чейин ишкер Илгиз Шаменов машинесинен жардыруучу затка окшош буюм табылганын “Азаттыкка” билдирген.

Шаменов Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. Балык чарба жаатында ишкерлик жүргүзөт. Ал Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы болуп келген. (TSh)

Дагы караңыз

Бээжин менен кырдаал курчуп турган маалда Тайван аскердик машыгуу өткөрдү12-августтун аба ырайы: сел жүрүү коркунучу сакталуудаСогушка баруудан баш тарткан орус аскери кыйноого кабылганын айттыДонецк: жикчилдер шаардагы заводду аткылоодон аммиак агып кеткенин кабарлады