Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү кичи ажылык (умра) сапарына жөнөтөм деп элден акча чогултуп, алдап кеткен 39 жаштагы шектүү кармалганын маалымдады.
Милициянын маалыматына караганда, райондук ички иштер бөлүмүнө умра уюштурууга акча чогултуп, сапарга жөнөтпөй койду деген 16 арыз түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жыйырма адамдан 75 миң сомдон чогултканы белгилүү болгон. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен иш козголуп, тергөө башталды. Шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мусулмандар Сауд Арабиясына ажылыктан сырткары умрага (кичи ажылык) каалган убакта барса болот. Кыргызстанда умра сапарын уюштурган атайын фирмалар бар. (TSh\JsA)
Дагы караңыз
ТИМ кыргыз-казак чек арасындагы транзит жүк ташуу талкууланганын билдирдиЭкс-президент Жээнбековдун мурдагы жардамчысы Оштогу өкүлдүн орун басары болдуТоктогулга жана Соң-Көлгө балыктын 2 млн. 400 миң даана чабагы коё берилдиУкук коргоочулар Рузиев боюнча кайрылуу жолдошту