Save the Children: "Талибан" бийликке келгенден бери ооган кыздарынын жашоосу талкаланды

Ооганстан.

Save the Children уюмунун 10-августта жарык көргөн баяндамасында “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) "бийликке келген бир жыл ичинде ооган кыздарынын жашоосу талкаланды" деген бүтүм чыгарылды.

Ага ылайык, Ооганстанда кыздардын төрттөн бир бөлүгү депрессияга батканы аныкталган. Жалпы балдардын 80% өткөн айда ачка жатышканын айтышкан. Алардын басымдуу бөлүгү кыздар. Кыздардын 90% акыркы жылы тамак-аш жетишсиздигинен арыктап, керек болсо ойной албай калышканын билдиришкен.

Баяндамада секелектердин психикалык жана психосоциалдык абалы коркунучта экени белгиленет. Уюмдун сурамжылоосуна катышкан кыздардын көбү мектепке бара албаганына нааразычылыгын билдирип, келечегин көрө албастыгын айтышкан.

Ооганстандын көпчүлүк аймактарында 6-класстан кийинки кыздарга мектепке барууга тыюу салынган. Мартта кыздар үчүн билим берүү жайлары ачылып, бир күн окугандан кийин эле кайра жабылган. Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин "Талибан" кыймылы 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган.

Дагы караңыз

Оштогу драма театрга Керимбек Калыкулов жетекчи болдуCNN: орусиялыктар Иранда учкучсуз учактарды башкаруу боюнча окуудан өттүУлуттук банк Садыр Жапаровдун атын атаган шылуундар тууралуу эскертти Бишкек: ооган качкындары үчүнчү өлкөгө жөнөтүү талабы менен митингге чыкты Евробиримдик менен Британия Орусиядан көмүр сатып алууну токтоттуОрус аскерлери Днепропетровск облусун аткылоодо 13 киши набыт болду