Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:03

CNN: орусиялыктар Иранда учкучсуз учактарды башкаруу боюнча окуудан өттү


Ирандын Shahed-129 учкучсуз учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандын Shahed-129 учкучсуз учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Иранда акыркы апталарда орусиялыктар Иранда жасалган учкучсуз учактарды колдонуу боюнча окуудан өтүштү. Бул тууралуу CNN телеканалы АКШнын чалгындоо маалыматтарын алган америкалык аткаминерге шилтеме берип билдирди.

“Бир нече жумадан бери орус аткаминерлери Ирандын учкучсуз учактарын Орусияга өткөрүп берүү келишиминин алкагында Иранда окуудан өтүштү”, - деди CNN каналанын булагы. Ал бул маалыматты Москва Ирандан учкучсуз учактарды сатып алууга даяр экендигинин дагы бир белгиси деп атады.

Июль айында CNN орусиялык делегация Иранга сапары менен барганын жазган. Анын максаты так сокку ура турган ракеталарды ташууга жөндөмдүү ирандык Shahed-191 жана Shahed -192 учкучсуз учактары менен таанышуу болгон.

Бул сапардан кийин АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Иран Орусияга Украинадагы согушка колдонуу үчүн жүздөгөн дрондорду сатууга даяр экенин билдирген.

Орусия февраль айында Украинага согуш ачкандан кийин Иран менен алакасын тереңдетүүгө аракет кылууда. Өткөн айда президент Владимир Путин Иранга иш сапары менен барды.

Дрондор Украинадагы согушта маанилүү роль ойнойт. Украина абадан кол салуулар үчүн Түркиянын Bayraktar учкучсуз учактары менен АКШнын дрондорун ийгиликтүү пайдаланууда. Орусия абадан чалгындоо үчүн жергиликтүү Орлан пилотсуз учактарды колдонууда.

Түркиялык Baykar компаниясы Украинада каттоодон өтүп, Bayraktar учкучсуз учактарын чыгара турган завод куруу үчүн жер тилкесин алды.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган июль айынын аягында Орусия Baykar компаниясы менен кызматташууну көздөп жатканын билдирген. 10-июлда түркиялык ишкананын башкы директору Халук Байрактар CNN телеканалына берген маегинде Орусияга Bayraktar сатылбай турганын айткан.

XS
SM
MD
LG