Казакстанда Январь окуяларында каза болгон жана башаламандыкка айыпталган бир нече баланын ата-энеси аларды актоо талабын коюп, 10-августта Тараздан Нур-Султан шаарына жөө жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы жазып, аларды облустук бийлик токтотууга аракет кылганын билдирди.
Январь окуясында 18 жаштагы уулу окко учкан Бакытжан Чыңгызбеков алардын Нур-Султанга болгон “Акыйкат маршы” шейшемби күнү кечинде башталганын, полиция бир нече жолу токтотконун айтты. Марштын катышуучулары Тараз шаарынан 60 чакырым алыстыктагы Акыртөбө айылына жетип калышты.
Быйыл 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер болгон. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.
Бир нече шаарда акцияга чыккандарды аскерлер жана полиция күч менен басып, башаламандык чыккан. Расмий маалымат боюнча, тополоңдо 230дан ашык адам каза болгон. 1-августта прокуратура Январь окуясы боюнча айыпталган 92 адам абакка кесилгенин кабарлады. Жалпысынан 474 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 717 адам жоопкерчиликке тартылган.
Казакстандагы Январь окуяларына байланыштуу бул өлкөдө он кыргызстандык кармалып, алардын баары чыкканы айтылган. Эки кыргызстандык каза болгону такталган.
Дагы караңыз
Оштогу драма театрга Керимбек Калыкулов жетекчи болдуCNN: орусиялыктар Иранда учкучсуз учактарды башкаруу боюнча окуудан өттүУлуттук банк Садыр Жапаровдун атын атаган шылуундар тууралуу эскертти Бишкек: ооган качкындары үчүнчү өлкөгө жөнөтүү талабы менен митингге чыкты Евробиримдик менен Британия Орусиядан көмүр сатып алууну токтоттуОрус аскерлери Днепропетровск облусун аткылоодо 13 киши набыт болду Замир Жоошев: судья "Кой-Таш окуясы" жабык караларын билдирди Москва: каза болгон эки кыргыз жарандын сөөгү мекенине жөнөтүлдү