Орус аскерлери Днепропетровск облусун аткылоодо 13 киши набыт болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын аскерлери 10-августка караган түнү Украинанын Днепропетровск облусун “Град” ракеталык системасы менен аткылады. Сокку Марганец шаары менен Мировое калктуу конушуна урулганын Днепропетровск облустук администрациянын башчысы Валентин Резниченко билдирди.

Маалыматка караганда, андан 12 киши набыт болуп, дагы 11 адам ооруканага жаткырылды. Беш тургундун абалы оор деп бааланууда. Валентин Резниченко орус аскерлери шаардын калктуу конуштарына жалпы 80 ракета атканын кошумчалады.

Шаарда 20дан ашык көп кабаттуу үй, административдик тейлөө борбору, маданият үйү, жатакана, эки мектеп, шаардык кеңештин имараты жана башка бир нече административдик имараттар жабыркаган.

Андан тышкары Днепропетровск облусунун Вышетарасов айылында бир аял каза болду. Анын үйү толугу менен жарактан чыгып калган. Ушул эле кыштакта дагы 11 турак жай жабыркап, миңге жакын түтүн газсыз калды.

Орус аскерлери Днепропетровск облусунун Синельниковск, Никополь жана Кривой Рог райондорун утур-утур аткылап жатат. Андан жайкын тургундар набыт болгонуна карабай, Орусия Украинадагы карапайым элди бутага албаганын билдирип келет.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Дагы караңыз

Бишкек: ооган качкындары үчүнчү өлкөгө жөнөтүү талабы менен митингге чыкты №61 мектептин директору Юрий Низовский кармалды“Алтын казына”зордуктоо фактысын иликтөөгө жардам берип жатканын билдирди "Манас" үчилтиги англис тилине которулдуУкраинадагы согуш: Пермде өзбек диаспорасынын башчысы батальон түзүүнү сунуштадыИюнь коогасына байланыштуу кылмыш иши сотко өттү Байден Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине макулдук бердиМосква: эки кыргыз жараны мерт болгон окуядан улам бир адам камалды