Крымда аскердик аэродромдогу жарылуудан жаракат алгандар бар

Саки аэродромунда болгон жарылуу.

Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымдагы Орусиянын аскердик Саки аэродромунда болгон жарылуу боюнча маалымат берди. Мекемеден кабарлашкандай, аэродромдун кампасындагы бир нече авиациялык ок-дарылар жарылган. Андан беш адам жаракат алганы кабарланды.

“Аэродромдогу авиациялык техника зыянга учураган эмес. Өрттү өчүрүү жана жарылуунун себептерин аныктоо иштери жүрүп жатат. Аэродромдогу ок-дарылар сакталган жайга өрт жеткен эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Аскердик аэродром Орусия аннексиялап алган Крымдын Новофедоровка айылына жакын жерде жайгашкан. Ал Одессадан 250-260 чакырым алыстыкта.

Анда негизинен Су-30СМ, Су-33 учактары жана Су-24М бомбалоочу учактарынан турган авиациялык полк бар.

Полк Украинадагы согушка катышып, өлкө аймагында ракеталык жана бомбалык соккуларды жасаганы маалымдалган.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.

Дагы караңыз

ТИМ жаңы паспорттун Орусияда текшерилип жатканын териштирүүдөБучанын бийлиги: шаарда баш-аягы 458 жайкын тургун набыт болгонКрымда аскердик аэродромдун жанында жардыруу болгону кабарландыАйзаданын өлүмү боюнча кенемте берүү маселеси сотто каралат“Укртранснафт” Европанын үч өлкөсүнө орус мунайын жеткирүүнү токтоттуКыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекети убактылуу жабылат