Киевдин жанындагы Буча шаарын орустар оккупациялап алган маалда набыт болгон 458 карапайым адамдын 419у окко учкан же кыйноодон каза болгон. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Михайлина Скорик-Шкаровская басма сөз жыйынында билдирди.
Ал сөөктөрдүн көбү көчөдө чирип кеткенин, айрымдары “гигиеналык себептерден же кыйноонун белгилерин жашыруу үчүн өрттөлгөнүн” айтты.
Каза болгондордун арасында 366 эркек жана 86 аял бар. Анын тогузу балдар болгон. Дагы беш сөөктүн жынысын аныктоого мүмкүн эмес. Каза болгондордун ичине адамдын денесинин калдыктары салынган баштыктагы сөөк да кошулган. 50гө жакын сөөк ким экени аныкталбай дагы деле өлүкканаларда сакталууда.
Орусия 24-февралда Украинага согуш ачкандан бери миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңеши май айында орус аскерлери чегингенден кийин Киев облусунда миңдеген кишинин сөөгү табылганын кабарлаган. Украина жана Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү бул жана башка кылмыштары үчүн Орусияны жоопко тартууга чакырып келет.
Москва айыптоолорду четке кагып, Украинадагы жөн-жай тургундарды бутага албаганын билдирген.
Дагы караңыз
Крымда аскердик аэродромдун жанында жардыруу болгону кабарландыАйзаданын өлүмү боюнча кенемте берүү маселеси сотто каралат“Укртранснафт” Европанын үч өлкөсүнө орус мунайын жеткирүүнү токтоттуКыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекети убактылуу жабылатЫсык-Көлдө секелекке ыплас аракет жасоого шектүү кармалдыТоолуу Бадахшанда Аюмбековдун дагы бир уулу абакка кесилди