Орусия аннексиялап алган Крымдагы Орусиянын аскердик Саки аэродромунун жанында бир нече жардыруу болгону кабарланды.
Бул тууралуу күбөлөр айтып, окуянын видеолору чыкканын Крым.Реалии сайты жазды. Аэродром Крымдын Новофедоровка айылына жакын жерде жайгашкан. Ал жерде ок-дары сакталган кампалар күйүп жатканы айтылууда.
Жардыруу эмнеден улам болгону белгисиз. Аскердик аэродром Одессадан 250-260 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Аэродромдо негизинен Су-30СМ, Су-33 учактары жана Су-24М бомбалоочу учактарынан турган авиациялык полк бар. Полк Украинадагы согушка катышып, өлкө аймагында ракеталык жана бомбалык соккуларды жасаганы маалымдалган.
Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.
Дагы караңыз
“Укртранснафт” Европанын үч өлкөсүнө орус мунайын жеткирүүнү токтоттуКыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекети убактылуу жабылатЫсык-Көлдө секелекке ыплас аракет жасоого шектүү кармалдыТоолуу Бадахшанда Аюмбековдун дагы бир уулу абакка кесилдиТайван Кытай аралды басып алууга даярдык көрө баштаганын билдирди Адвокат: Викрам Рузахуновду казак прокуратурасы чакыра элек