2020-жылдын 9-августунда Беларуста президенттик шайлоо өтүп, анын расмий жыйынтыгына ылайык алтынчы ирет Александр Лукашенко жеңип чыккан.
Буга каршылык билдирген түмөндөгөн беларустар көчөгө чыгып, президенттин кызматтан кетишин, саясий куугунтуктун токтотулушун жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.
Оппозиция шайлоодо Светлана Тихановская жеңген деп эсептейт. Бийлик митингдерди күч менен басып, расмий маалыматка караганда, августтан ноябрь айына чейин 13 миңден көп адам кармалган.
Укук коргоо уюмдардын маалыматына ылайык, акцияларды басууда кеминде сегиз киши өлгөн жана 30 миңден көп киши репрессияга кабылды. Арасында журналисттер бар. Миңдей кылмыш иш козголгон.
Ушул тапта беларус түрмөлөрүндө саясий негиз менен 1231 киши отурат. Алардын арасында саясатчылар, журналисттер, укук коргоочулар жана жарандык активисттер бар. Лукашенко өлкөнү 28 жылдан бери башкарып келет.
Дагы караңыз
Мурдагы канцлер Шредер партиядан чыгарылбай турган болдуБокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Кыргызстанга келдиКыргызстандын Чикагодогу башкы консулдугу иштей баштадыФБР Трамптын Флоридадагы резиденциясында тинтүү жүргүздүЖурналисттерди коргоо комитети Res Publica басылмасынын сайтына бөгөт койбоого чакырдыАКШ: Украинада 80 миңге чейин орус аскерлери каза болуп же жараат алдыАКШ Украинаны колдоо үчүн 4,5 миллиард доллар бөлөт