Дүйшөмбү күнү кечинде АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Флорида штатындагы анын Мар-а-Лаго резиденциясында тинтүү жүргүзүп, жеке сейфин да ачканын жарыялады. Трамп бул учурда Нью-Йоркто жүргөн.
Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) бул билдирүүгө комментарий бере элек. Бирок америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары өз булактарына таянып, мурдагы президент Ак үйдөн ала кеткен документтер, анын ичинде жашыруун документтер тинтүүгө негиз болгонун жазышты.
Мыйзам боюнча алар мамлекеттин менчиги болуп саналат жана АКШнын Улуттук архиви көптөн бери документтерди кайтарууну талап кылып келген. Алардын айрымдары кайтарылган. Бир нече ай мурун Улуттук архив Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, Дональд Трамп документтерди толук бербей жатканын билдирген.
Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттарын 2017-2020-жылдары башкарган. Ал 2020-жылы 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо азыркы президент Жо Байденге жеңилип калган.
Дагы караңыз
АКШ Украинаны колдоо үчүн 4,5 миллиард доллар бөлөтТөө-Ашуудагы тоннелде чектөө алындыЫсык-Көлдө кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү өтүүдөЖапар Ормонов Чолпон-Атанын мэри болуп дайындалды“Алтын казынадагы” жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалдыТүрк тышкы иштер министри Арменияны чагымдан алыс болууга чакырды"Манас" аэропортун сырткы башкарууга берүү сынагын сентябрда өткөрүү пландалуудаОрус аскерлери Украинадагы калктуу конуштарды аткылады