Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Түрк тышкы иштер министри Арменияны чагымдан алыс болууга чакырды


Түркиянын президенти Эрдоган жана тышкы иштер министри Чавушоглу.
Түркиянын президенти Эрдоган жана тышкы иштер министри Чавушоглу.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Арменияны Тоолуу Карабакта жаңы провокацияларды жасоодон карманууга чакырды. Түрк башкы дипломаты бул билдирүүнү Тоолуу Карабакта абал курчуп турган мезгилде жасады.

Соңку күндөрү талаштуу аймактагы атышуудан кеминде үч адам каза болгон. Мевлүт Чавушоглу 2020-жылдагы алты жумага созулган согуштан кийин Түркия аймакта тынчтыктын камсыз болушуна аракет көрүп жатканын билдирди.

Былтыр күзүндө Түштүк Кавказдагы эки өлкөнүн ортосунда Тоолуу Карабак анклавы үчүн алты жумага созулган согуш чыккан. Анда Түркиянын колдоосу менен азери аскерлери соңку жылдары Армения көзөмөлдөп келген бир нече аймакты өзүнө каратып алды.

6900дөн ашык адамдын өмүрүн алган жаңжал Армения, Азербайжан жана Орусия кол койгон келишимден кийин басылган. Ага ылайык, Ереван этникалык армяндар ондогон жылдан бери көзөмөлдөп келген жерлерди коңшу өлкөгө кайтарып берген. Тынчтык келишиминин алкагында Орусиянын тынчтык күчтөрү Тоолуу Карабактын айланасына жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG