Жапар Ормонов Чолпон-Атанын мэри болуп дайындалды

Жапар Ормонов .

Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Жапар Ормонов дайындалды. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ормонов бүгүн Чолпон-Ата мэриясынын жамаатына тааныштырылып, ишке киришти. Шаарды буга чейин Бердибек Иманбеков башкарып келген эле.

49 жаштагы Ормонов буга чейин Оштун вице-мэри, Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон. 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинен ат салышкан. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынын учурунда Ош шаарында аны белгисиз адамдар катуу ур-токмокко алганы кабарланган эле.(BkA)

Дагы караңыз

“Алтын казынадагы” жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалдыТүрк тышкы иштер министри Арменияны чагымдан алыс болууга чакырды"Манас" аэропортун сырткы башкарууга берүү сынагын сентябрда өткөрүү пландалуудаОрус аскерлери Украинадагы калктуу конуштарды аткылады“Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзамга кол коюлду